Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайы 1926-жылдын 11-октябрында Кыргыз ВКП(б) обкомунун токтомунун негизинде түзүлгөн музыкалык драмалык студиясынын базасында өнүгүп, 1934-жылы балет труппасы жана улуттук балет катары өсүп чыккан. 1945-жылы М.Күрөңкеев атындагы Фрунзе музыкалык окуу жайындагы хореографиялык бөлүмүнө өзгөртүлүп, 1980-жылы өз алдынча окуу жай статусуна ээ болгон.
Учурда, Ч.Базарбаев атындагы БХОЖ республикадагы профессионал балет артисттерин жана элдик бий ансамблинин артисттерин даярдаган жалгыз окуу жайы. Окуу жайга республикабыздын бардык региондорунан жалпы билим берүү мектебинин 4-классын бүтүргөн, физикалык жактан бийге шыктуу, хореография искусствосун өздөштүрүүгө умтулган таланттуу балдар тапшырып окуйт.
Окуу жайдын интернатында жергебиздин региондорунан тапшырган балдар жашайт. Окуу мөөнөтү - 7 жыл 10 ай.
Балет жаатында адистерди сапаттуу даярдоо окуу жайдын өзгөчө түрүн - стандарттык эмес билим берүү мекемесин камтыйт. Балет артисттеринин билим алуусунун өзгөчөлүгү - кесиптик жана жалпы билим алуунун тыгыз айкалышы. Орто кесиптик билим берүү программасы бүтүндөй ишке ашырылууда. Ошондуктан, окуу жайдагы балет артисттеринин окуу планынын түзүмү бирдиктүү билим берүү процессинин алкагында билим берүүнүн бир нече деңгээлдеринин жыйындысы болуп саналат, анда окуучу бир эле учурда негизги жалпы жана орто кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрөт.
БХОЖ балет артисттерин кесиптик окутуунун усулдук бөлүгү балет искусствосунун биринчи профессору, РСФСР эл артисти А.Я.Ваганованын усулунда негизделген.
Обучение в училище длится 8 лет и состоит из трех циклов