Тарых

1926-жылы 11-октябрда ВКП (б) Кыргыз обкомунун токтому менен музыкалык драма студиясы түзүлгөн. Студияны түзүү максаты музыкалык жана драмалык искусствону жайылтуу болгон.
Актер жана режиссер Николай Николаевич Еленин жетекчилиги астында студия мектеп да, театр да болгон.
Искусствонун башка тармактарынан тышкары, Андрей Кузнецов хореография сабагын өткөрүп, Кыргызстанда бий педагогикасынын пайда болушу башталды.

1934-жылы профессионалдык балетти түзүүгө даярдыктар башталган. Бир студиянын базасында балет труппасы жана улуттук балет түзүлүп, ошол жетекчиликте балет, драма жана музыка мектептерин бириктирген. Ошол эле жылы, биринчи класс балдары Ленинград мамлекеттик техникумуна классикалык бий өнөрүн үйрөнүү үчүн жиберилген. Алардын катарында Фрунзе мектебинин ачылышына чейин студияны жетектеп келген Гүлбара Даниярова болгон.
Андан кийин, 1935-1937-жылдары Ленинград хореографиялык мектебине дагы үч балдар тобу жөнөтүлдү, алардын катарына кыргыз балетинин алгачкы жылдыздары киришти: СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, Кыргыз ССРинин эл артисти - Күлбүбү Мадемилова, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери - Нурдин Тугелов.

1940-жылы 1-январда кесипкөй балет бийчилерине болгон муктаждык менен,
Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү музыкалык театрында 30 окуучуга арналган хореографиялык студия ачылды, ал келечектеги балет мектебинин түптөлүшүнө өбөлгө болуп калды.
Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен хореографиялык студиянын курамы эвакуацияланган мугалимдер жана Ленинград хореографиялык мектебинин окуучулары менен толукталды.

Студиянын окутуучуларынын арасында советтик балетинин тажрыйбалуу чеберлери - хореографтар жана мугалимдер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисттери
В.В. Козлов, Л.М. Крамаревский,
М. Б. Страхова, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Ж. Арсыгулова, К. Даниярова жана башкалар.

1945-жылы театрдагы балет студиясы чындыгында хореографиялык окуу жайына айланган, балет бийчилерин ийгиликтүү даярдаган. Ошол эле жылы М. Куренкеев атындагы Фрунзе музыкалык мектебинин хореографиялык бөлүмүнө айланган. Мына ушул окуу жайда жогорку кесипкөй балет бийчилери даярдалган: СССРдин эл артисти Ч.Базарбаев, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисттери А.Баетова, Б.Суслов, Б. Арунов, Молдавия ССРинин эл артисти Г.Мелентьева, РСФСР эл артисти И.Шаповалов.
1948-жылы 8-февралда хореография бөлүмүнүн биринчи бүтүрүүчүлөрүно дипломдор тапшырылган.

1951-жылы хореографиялык бөлүмдүн биринчи бүтүрүүчүлөрү алты жылдык билим берүү программасы боюнча даярдалган. Бирок, жаш балет бийчилеринин ийгиликтүү даярдалышына өзүнчө бөлмөнүн жоктугу жана бир циклга кыскартылбастан, атайын жана жалпы билим берүү дисциплиналарын окутуу кыйындады. Республикада хореографиялык билим берүүнү андан ары өркүндөтүү маселеси маданият ишмерлеринин өлкө жетекчилигине кайрылуусу менен шартталган.

Анда “хореографиялык мектепти түзүү чоң практикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана кесипкөй кадрларды даярдоодон тышкары, классикалык жана элдик хореография боюнча республиканын өзүнчө методикалык борбору боло алат” деп баса белгиленди.

1980-жылы май айында Фрунзе шаарында хореографиялык мектеп ачылып, атайын предметтер боюнча класстар үчүн мыкты жабдылган залдар жана жалпы предметтер үчүн көп сандаган класстар, мектеп театры жана чет элдик студенттер үчүн мектеп-интернаты бар. Балет мектебинин ачылышы республиканын маданий турмушундагы чыныгы майрам болуп калды жана мектеп "Хореографиялык мектеп" көзкарандысыз билим берүү мекемесинин статусун алды.

Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Р.Н. Чокоева биринчи директору жана
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
Б.К.Алимбаев Хореографиялык мектептин корком жетекчиси болуп дайындалышкан.
Р. Чокоева 8 жылдык хореографиялык билим берүүнүн моделин, бирдиктүү окутууну киргизип, жалпы жана атайын дисциплиналарды бирдиктүү окуу процессине айкалыштырды.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына, балет искусствосунун жетишкендиктерине жана өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Бишкек хореографиялык окуу жайына СССРдин эл артисти жана коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаевдин ысымы берилген. Бүгүнкү күндө БХОЖ бүтүрүүчүлөрү КМШ жана чет өлкөлөрдүн көптөгөн хореографиялык институттарында жана театрларында иштешет, бул мугалимдерге жана билим берүү мекемелерине сыймыктанууга мүмкүнчүлүк берет.